Үй карантинин бузгандар 60 миң сомго чейин айып пул төлөшөт

28.04.2020, 15:15 Акчабар
Үй карантинин бузгандар 60 миң сомго чейин айып пул төлөшөт

Үй карантинин бузган 6 жаран административдик жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуулар үчүн 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул каралган.

Мындан тышкары штабдын жыйынында белгилегендей, атайын мобилдик тиркеме аркылуу дагы 151 адамдын үй карантини режимин бузгандыгы аныкталган. Алар боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандардын үй карантинин сактоолоруна көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүү экендигин баса көрсөттү.

Жыйында COVID-19 дартынын жайылуусуна каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр маселеси талкууланды. Саламаттык сактоо министрлигине апрель айы үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү тапшырылды.

Тэги: үй карантин айыппул Кубатбек Боронов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть