УКМК: 1993-2002-жылдары өлкөдөн 1 млрд $ насыя мыйзамсыз чыгарылып кеткен

05.11.2020, 12:45 Акчабар
УКМК: 1993-2002-жылдары өлкөдөн 1 млрд $ насыя мыйзамсыз чыгарылып кеткен

1993-2002-жылдары чет өлкөгө мыйзамсыз жол менен чыгарылып кеткен насыялар боюнча ачылган кылмыш иши иликтенүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бюджеттик каражаттарга ээлик кылып алуу учурларын аныктоо иштеринин жыйынтыгында, 1993-2002-жылдары Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жогорку кызматтагы адамдары чет өлкөлүк банктардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, тамак-аш, жеңил жана фармацевтика өнөр жайларын, тоо-кен тармагын өнүктүрүү, таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу (ж.б.) деген шылтоолор менен насыя алуу жана чет өлкөгө чыгаруу боюнча коррупциялык схема түзүшкөн.

Аталган мезгил аралыгында «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» АКсы, «Жибек-Жолу» АКсы, «Казкоммерцбанк» ААКсы, «Жылдыз» АКсы, «Кыргызпотребсоюз», «Жанар» АКсы, «Чүй агро өнөр жай компаниясы» ЖЧКсы, «Ала-Тоо» мейманкана-ресторан комплекси, «Кыргыз Агробизнес Компани» АТАКсы, «Буудай» мамлекеттик ишканасы сыяктуу ишканалар жана башкалар тарабынан чет өлкөлүк банктардан КР өкмөтүнүн кепилдиги алдында дээрлик 1 млрд долларга 40тан ашык насыя алынган.

Кепилдик катары эл аралык банктарга өлкөнүн алтын-валюта резервинин бир бөлүгү коюлган.

«Жыйынтыгында насыя алган ишканалар банкрот деп жарыяланып, жабылышкан. Ал эми чет өлкөлүк банктар насыя төлөнбөгөндүктөн кепилдикке коюлган алтынды өздөрүнө алышкан. Ошондой эле белгилүү болгондой айрым насыялар боюнча мамлекет бүгүнкү күнгө чейин акча төлөп келет», - деп билдирет УКМК.

Учурда Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши тергелүүдө.

Тэги: УКМК насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть