Улукбек Кармышаков Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору болуп дайындалды.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Айта кетсек, буга чейин жогоруда аталган кызматты Султан Ахматов аркалап келген. Бүгүн, 28-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимге ылайык, ал кызматынан бошотулган.
Ал эми Улукбек Кармышаков буга чейин Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонддун жетектеп келген.