Улуттук банк акча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүү киргизди

19.04.2022, 11:07 Акчабар
Улуттук банк акча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүү киргизди

Кыргызстанда акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагындагы төлөм системалары штаттык режимде иштеп жатат. Ошол эле учурда, Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында, Улуттук банк КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргызстанда акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Өзгөртүүлөр убактылуу мүнөзгө ээ жана өлкө аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчанын валютасына карата талаптарды белгилейт. Акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот. Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Которулган акчаны алып /жөнөтүп жаткан учурда ал өлкө аймагында турган алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу менен нак эмес ыкма менен конвертацияланышы мүмкүн.

Тэги: акча которуу КР Улуттук банкы экономикалык коопсуздук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть