Опубликовано
08.12.2020, 03:35Бүгүн, 8-декабрда Улуттук банктын 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу үчүн аукцион өтөт. Бул тууралуу регулятор маалымдады.
[news 30639]
Эмиссиянын жалпы көлөмү 4.5 млрд сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн Улуттук банк 14 күндүк ноталардын эсебинен тартууну пландоодо.
Муну менен катар 91 күндүк кыска мөөнөттүү кагаздардын максималдуу кирешеси — 5.75% түздү.
Эске сала кетсек, аукциондорду өткөрүүнүн башкы максаты — бул улуттук валютанын ликвидүүлүгүн банк тутумунан чыгаруу. Себеби, аукциондон түшкөн каражаттар эч жакка которулбайт, бирок белгилүү бир убакытка чейин банк тутумунан алынып салынат дагы Улуттук банкта дагы сакталып кала берет.