12-ноябрда 12 айлык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.
Сумманын көлөмү 100 млн сомду түзөт.
Эске сала кетсек, мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча өткөрүлгөн акыркы аукцион талаптын жоктугунан улам өткөрүлгөн эмес.