Опубликовано
19.05.2020, 06:45Кыргызстандын Улуттук банкы 21-майда банктарды каржылоо максатында насыя аукционун өткөзөт.
[news 24297]
Аукционго 1 млрд сом жайгаштыруу пландалууда. Арыздын минималдуу суммасы - 20 млн сом, максималдуу суммасы - 150 млн сомго чейин.
«Каражаттар ишкердик субъекттерди насыялоого, анын ичинен жүгүртүү каражаттарын берүүгө, вирустун таралышынан улам терс экономикалык кесепеттерди жоюу үчүн багытталат», — деп белгилешти Улуттук банктан.
Кошумчалай кетсек, насыя 10% чен менен берилет.