Кыргызстандын Улуттук банкы интервенция жасап, валюта рыногуна 13 млн 50 миң АКШ долларын сатты. Бул тууралуу борбордук банкттан билдиришти.
Муну менен жыл башынан бери үч ирет интервенция жасалды.
Эскерте кетсек, 24-февралда түштөн кийин Кыргызстандын банктарында АКШ долларынын сомго карата курсу кескин түрдө көтөрүлүп, АКШ доллары сомго карата баасы 94-95 сомго чыккан. Евро 106,50–107,50 сомго чейин жеткен. Ал эми рубль 0,70-0,90 сомдон сатылып алынса, 1,06-1,070 сомдон сатылууда.