ААК «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» 28-апрелде акционерлердин жылдык жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу мамлекеттик компаниянын сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, күн тартибинде эсеп комиссиясынын мүчөлөрү бекитилет. Акционерлер 2020-жылдагы чарба-каржы ишмердүүлүгү боюнча башкы директордун отчетун, көз карандысыз аудитордун корутундусун, текшерүү комиссиясынын 2020-жылдагы бюджеттин аткарылышын угушат.