Улуттук энергохолдингтин жалпы карызы 103 млрд сомду түзөт

31.10.2019, 09:16 Акчабар
Улуттук энергохолдингтин жалпы карызы 103 млрд сомду түзөт

Улуттук энергохолдингтин жалпы карызы 103 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу 30-октябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Депутат Наталья Никитенко бул карыз калкк зыянын тийгизбестен кайтарылуусу керек экендигин айтты.

«Энергосектордо ушунча карыз болуп турса, жүргүзүлүп жатат деген реформа кайда?» - деп сурады.

Кубатбек Боронов жалпы карыздын ичинен 800 млн сом – Кытайга болгон карыз экенин билдирди. Анын айтымында, качан гана Кытайга карыз төлөнгөндөн соң, компанияда ашыкча каражат болот.

Андан сырткары, депутат Улуттук энергохолдингтин кызматкерлеринин айлыгынын суммасын уккан соң, ЖЭБ Бишкекте иштеп жаткан кызматкерлердин жумушу канчалык оор болсо дагы, ошончолук аз алып жатканыдыгына нааразычылыгын билдирди.

Бул учурда Жогорку Кеңеште «КР Өкмөтүнүн экономика тармагындагы жана КР калкына күз-кыш 2019-2020–жылга жасалып жаткан жумуштары» тууралуу долбоордун токтому каралып жаткан.

Тэги: Улуттукэнергохолдинг карыз-2019

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть