Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

11.03.2021, 09:00

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти.

[news 33085]

Маалыматка ылайык, 2002-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Toyota RAV 4», 2012-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Hyundai Sonata» жана 2007-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Volvo-FH440» үлгүсүндөгү унаалары өлкөгө мыйзамсыз алынып келген.

Бул фактылар боюнча төлөөгө тийиш болгон бажы алымынын суммасы туум менен кошкондо 4 млн 895 миң 915 сомду түзөт.

Мындан тышкары, «Volvo-FH12» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын чыгарылган жылын өзгөртүү менен так эмес декларациялоо фактысы «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан аныкталды.

Бул факт боюнча төлөөгө тийиш болгон бажы алымынын суммасы туум менен кошкондо 1 млн 361 миң 24 сомду түзөт.

Жалпысынан мамлекет 6 млн сомго жакын зыянга учураган.


Читать похожее

  • 17.07.2024, 21:27:01
  • 16.05.2024, 01:51:48
  • 30.04.2024, 03:44:40
  • 08.04.2024, 22:23:14