«Унаа» мамлекеттик мекемеси 2021-жылы тарифтик торчону жаңыртат

25.12.2020, 17:20 Акчабар
«Унаа» мамлекеттик мекемеси 2021-жылы тарифтик торчону жаңыртат

«Унаа» мамлекеттик мекемеси 2021-жылы тарифтик торчону жаңыртат, - деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыл сайын 1-январдан тартып МКК алдындагы «Унаа» мекемеси баштапкы каттоо жана кайра каттоо үчүн унааларды баалоо боюнча тарифтик торчо жаңыртып турат.

Тарифтер торчосунун таблицасына 2021-жыл кошулуп, мурунку жылдар жылат, анткени алардын баасы арзандайт.

Эрежелерге ылайык, Кыргызстандын аймагына киргизилген унааны баштапкы каттоодон өткөрүү үчүн төлөм анын орточо базар баасынын 5%, кайра каттоодон өткөрүү 0,3% түзөт.

Белгилей кетсек, 2018-жылы транспорттук каражатты кайра каттоонун акысынын көлөмү базардын орточо наркынын 1% дан 0,3% га чейин төмөндөгөн.

«Унаа» мекемеси «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте «Автотранспорт каражаттарынын реестри» автоматташтырылган маалымат тутумуна өзгөртүүлөрдү киргизишет.

МКК унаа ээлерин транспорттук каражаттарды сатып алууда жана сатууда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндө келишимди каттоого чакырат.

Сатып алуу жана сатууну каттоо транспорт каражатын ишеним кат менен башкарууга байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү болтурбоого мүмкүнчүлүк берет.

Тэги: унаа мамлекеттик мекеме

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть