«Унаа» мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 7,8 млн сом зыян келтирген

30.03.2022, 15:35 Акчабар
«Унаа» мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 7,8 млн сом зыян келтирген

Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан ИИМдин алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Текшерүүдө, аталган Мекеменин жооптуу кызматкерлери тарабынан “Sigma Compact 200” үлгүсүндөгү мобилдик асфальт чыгаруучу заводун, кошумча нарк салыгы төлөнбөгөндүгүнө жана бажы тарабынан шарттуу чыгарылгандыгына карабастан, мыйзамсыз каттоодон өткөрүлүп, натыйжада мамлекетке 7 млн 803 миң 165,01 сом зыян келтиргендиги аныкталды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Тэги: ГУ Унаа мыйзам зыян башкы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть