Кыргызстанда унааларга милдеттүү түрдө видео көзөмөл орнотуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги демилгеледи.
Мыйзам кабыл алынса айдоочулар 2025-жылдан тарта машинелерине видео камера сатып алышы керек. Мындай жабдык орнотпогондорго айып пул салынат.
Документ жол кырсыктарын азайтуу боюнча иш-чаралардын негизинде иштелип чыккан.