Унааны 30 миң сомго арзан караңгылатуу акциясы эки күндөн соң бүтөт

28.11.2023, 12:04 Акчабар
Унааны 30 миң сомго арзан караңгылатуу акциясы эки күндөн соң бүтөт

Жеңилдетилген баада терезени караңгылатууга уруксат алуу акциясынын аякташына акыркы эки күн калды. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочулар 30 миң сом үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Акция мезгилинде жеке адамдар үчүн уруксат кагазынын баасы 80 миң сомдун ордуна 50 миң сомду, юридикалык жактар ​​үчүн 100 миң сомдун ордуна 70 миң сомду жана чет элдиктер үчүн 120 миң сомдун ордуна 90 миң сомду түзөт.

Белгилеп кетсек, акция 30-ноябрда аяктайт.

Тэги: унаа караңгылатуу автоунаа тонировка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть