Уюмдар салык отчетторун онлайн берүүгө милдеттүү

08.04.2022, 14:53 Акчабар
Уюмдар салык отчетторун онлайн берүүгө милдеттүү

Дыйкан жана фермердик чарбаларды кошпогондо уюмдар 2022-жылдын январынан тартып салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан басма сөз кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу, салык кызматы отчетторду Salyk.kg "жеке кабинети" аркылуу тапшыруу керектигин, жөнөкөй кирүү мүмкүнчүлүгүн (логин жана пароль) колдонуу мүмкүн эместигин билдирет. Отчетторду квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен тапшыруу зарыл.

"Уюмдарды отчетторду берүү үчүн квалификациялуу электрондук кол тамганы адистештирилген операторлордон (Инфоком, Dostek, Ubr) алууга чакырабыз",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, электрондук кол тамганы Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун жана Ош шаарынын салык органдарынын бирдиктүү терезелеринен, ошондой эле Бишкек шаары боюнча ишкерлерди тейлөө борборунан (Жибек-Жолу пр., 381, 2-кабат) акысыз алууга болот.

Тэги: электрондук кол тамга электрондук документ Мамлекеттик салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть