Вьетнамдагы эң бай аял өлүм жазасына кесилди

12.04.2024, 14:35 Акчабар
Вьетнамдагы эң бай аял өлүм жазасына кесилди

Вьетнамдык кыймылсыз мүлк магнаты Чыонг Май Лан өлкөнүн тарыхындагы эң ири каржылык алдамчылык боюнча өлүм жазасына кесилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, ал акча уурдоо, пара алуу жана банктык мыйзамдарды бузуу боюнча күнөөлүү деп табылды.

67 жаштагы Чыонг Май Лан “Van Thinh Phat” (VTP) кыймылсыз мүлк компаниясынын төрайымы, ал 12,5 миллиард долларлык алдамчылыкка айыпталды.

“Ал 2012-жылдан 2022-жылга чейин Сайгон коммерциялык банкын (SCB) ондогон алдыңкы адамдар аркылуу башкарып, бул каражаттарды миңдеген “көмүскө компаниялар” аркылуу кемирип, мамлекеттик кызматкерлерге пара берип турган. Прокуратуранын айтымында, 2018-жылдын башынан тартып 2022-жылдын октябрына чейин өкмөт SCBге каржылык жардам берип турганда, Лан ири суммадагы акчаны уурдап турган жана ошол эле учурда компанияларга мыйзамсыз насыяларды берген”, - деп айтылат маалыматта.

Ландын сот процессинин масштабы таң каларлык: иш боюнча документтердин жалпы салмагы 6 тоннага жакын, 90дон ашык адам айыпталып, сот миңден ашык күбөнү уккан. VTP Вьетнамдын эң бай кыймылсыз мүлк фирмаларынын бири болгон, ар кандай долбоорлорду ишке ашырган, анын ичинде элиталык турак жайларды, кеңселерди, мейманканаларды жана соода борборлорун курган.

Лан өлүм жазасына каршы апелляциялык арыз берүүнү пландап жатканы айтылат.

Тэги: Вьетнам өлүм жазасы коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть