9-июнда «Орто-Сай» базары карантинге жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.
Анын билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. 9-июнга карата Бишкекте коронавирус жуккан 555 учур катталган, айрым вируска шектелген жарандар өздөрү дарыгерге кайрылган фактылар да катталууда.
«Орто-Сай» базары дезинфекциялоого жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 10-июндан 13-июнга чейин убактылуу жабык болот.