Кыргызстанда январь-февралда керектөө баалары 2% өстү

11.03.2021, 12:30 Акчабар
Кыргызстанда январь-февралда керектөө баалары 2% өстү

Үстүбүздөгү жылы январь-февралда республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 2%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйында Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Элвира Исенкулова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, муну менен катар алкоголдук суусундуктардын жана тамекинин баасы 3,4%га, тамак-аш продукциясы жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 2,9%га, азык-түлүк эмес товарларга баа 0,8%га өскөн. Ал эми калкка кызмат көрсөтүлөрдүн тарифи 0,8%га төмөндөгөн.

«Үстүбүздөгү жылы февралда керектөө бааларынын жана тарифтин өсүүсү өткөн айларга салыштырмалуу республиканын бардык аймактарында катталган. Эң жогорку өсүү Нарында катталып, 1,7%га жеткен»,-деди ИСенкулова.

Тэги: баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
<
×