Ырысбек Мааткабылов: Импортту алмаштыруу саясатын күчөтүү зарыл

23.11.2021, 12:00 Акчабар
Ырысбек Мааткабылов: Импортту алмаштыруу саясатын күчөтүү зарыл

Ата мекендик ишкерлерди колдоого алып, импортту алмаштыруу саясатын активдүү жүзөгө ашырышыбыз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттыгына бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер Ырысбек Мааткабылов биз менен курган маегинде билдирди.

Сиз Жогорку Кеңешке депутат болуп келсеңиз эң алгач кайсы маселелерди көтөрөсүз?

Коронавирус инфекциясы бүтүндөй мамлекет үчүн сабак болду. Иш жүзүндө экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн баамдоого шарт түзүлүп, ошол эле учурда жакынкы келечекте өнүгүүнүн артыкчылыктуу багытын аныктоого жардам берди. Тагыраагы, пандемия учурунда Кыргызстан үчүн тамак-аш маселеси өзгөчө билинди. Анткени чек аралар жабылганда ун, шекер жана суу май жана башка продуктулар жетишпей калды. Дагы бир-эки ай чек ара жабылганда өлкөдө азык-түлүктүн тартышыгы болмок. Кудай жалгап чек аралар ачылып, продуктулар өлкөгө кирип баштады. Бирок былтыркы жылга салыштырмалуу азык-түлүктүн баасы 70-80 пайызга чейин өстү. Демек, биздин негизги аракетибиз ата мекендик ишкерликти колдоого, импортту алмаштыруу саясатын жүзөгө ашырууга жана экспорттук дараметти бекемдөөгө багытталышы зарыл деп эсептейм. Ошондой эле аракетибиз экологиялык таза продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы рынокту өздөштүрүүгө багытталууга тийиш.

Ырысбек мырза, өзүңүз да айтып калдыңыз, ата мекендик ишкерликти колдоого алуу зарыл деп. Деги эле ишкерлерди колдоо боюнча кандай иштерди аткаруу керек деп ойлойсуз?

Кыргызстан агрардык өлкө болгондон кийин жана азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн эң биринчи айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө жана кайра иштетүү боюнча чакан жана орто ишканаларды ачууга шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл. Себеби, биз азыр айыл чарба продукцияларын чийки зат бойдон эле сатып жатабыз же сата албай калсак чирип кетүүдө же малга тоют кылып берүүдөбүз. Мына ошондуктан айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүгө басым кылуу керек. Мисалы, бүгүнкү күндө алмадан шире сокторун өндүрүп чыгаруудабыз. Бирок өлкө ичинде бир сорттогу алма аз болгондуктан, биз өзүбүздүн ички рыноктон тышкары чет өлкөлүк кардарлардын суроо-талаптарын канааттандыра албай калуудабыз. Биз бул боюнча атайын изилдеп көрдүк. Ошондуктан жерлерди класстерлерге бөлүп, бул аймак мындай сорттогу алманы өстүргүлө, ал эми бул аймак мындай сорттогу алманы өстүргүлө деп, мамлекеттик деңгээлде атайын иш алып баруубуз зарыл. Ошондо өндүрүүчү же дыйкан өндүргөн продукцияларын каякка алып барып сатам деп башын оорутпагандай болушу керек. Алар бир гана айдап жана өндүрүү иштери менен алектениши керек. Ал эми бийлик башындагылар айыл-чарба продукциясын чет өлкөлөрдүн базарына сатуу механизмдерин иштеп чыгышы керек.

Ал эми бүгүн фермерлерди иш жүргүзүүдө колдоо үчүн мамлекет фермерлерге жеңилдетилген насыялоонун жаңы механизмин түзүп чыгуу зарыл. Андан сырткары, Айыл чарба министрлигинин ишин эффективдүү аткаруусун, дыйкандарды сугат суусу менен өз убагында камсыз кылууну жана ирригациялык инфраструктураны куруу боюнча иштерди активдештирүүнү талап кылышыбыз керек. Ошондой эле, айыл чарбасын өнүктүрүүнүн мыйзамдык базасын жакшыртып, кошумча инвестицияларды тартуу жана илимий методдорду пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгилейт элем. Аны менен бирге эле айыл чарбасындагы иштерди санариптештирүүгө өткөрүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу учурдун талабы деп ойлойм.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ырысбек Мааткабылов шайлоо бюллетенинде 4чү номер менен катталган.

Даярдоочу: "Акчабар" ЖЧК. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.
Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич.
Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 23-ноябрь.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева Мээрим Замирбековна тарабынан төлөндү.

Тэги: Ырысбек Мааткабылов Шайлоо ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть