Юстиция министрлиги электрондук билериктерди сынап баштады. Адамдын жүргөн жерин аныктай турган шайманды Кылмыш-жаза кодексинде колдонуу сунушталууда.
Буга чейин Министрлер кабинети мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна чыгарган. Ал кабыл алынса, электрондук билериктер практикада колдонулуп баштайт.
Ведомстводон белгилешкендей, аталган шаймандар үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүдө натыйжа берет – алар белгилүү бир адамдардын аймакка же башка кишилердин жанына келүүсүнө чектөө кое алат.