Өзбекстанда 1-июлда электр энергиясы менен газга тарифтер жогорулайт

01.06.2022, 14:25 Акчабар
Өзбекстанда 1-июлда электр энергиясы менен газга тарифтер жогорулайт

Өзбекстанда 1-июлда "Социалдык керектөө нормасы" киргизилип, электр энергиясы менен жаратылышы газы үчүн тарифтер жогорулайт. “Кабар” агенттиги жазгандай, "Отун жана энергоресурстар үчүн бааларды өзгөртүү тууралуу" өкмөттүн токтом долбоору 31-майда талкууга коюлду.

Документте 2022-жылдын 1-июлунан тарта калк электр энергиясы жана жаратылыш газы менен "социалдык керектөө нормасына" ылайык дифференцияланган баалардын негизинде камсыз кылына баштайт.

Токтомго ылайык, 1-июлдан тарта көп кабаттуу үйлөр менен жатаканаларда жашаган жана борборлоштурулган электр плиталары менен жабдылган керектөөчүлөрдөн 1 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 165 сумдан (0,015 доллар) алына баштайт.

Калган керектөөчүлөр 250 киловатт-саатка чейин 325 сумдан (9,93 доллар), андан ашканына 650 сумдан (0,05 доллар) төлөшөт. Учурда калк үчүн 1 киловатт-саат электр энергиясынын баасы 295 сумду (0,027 доллар) түзөт.

Мындан тышкары жылытуу мезгилинде 700 куб метрге чейин колдонгон керектөөчүлөр 1 куб метр газ үчүн 410 сумдан (0,03 доллар) төлөшөт. 700 куб метрден ашкан учурда ар бир куб метр үчүн 1200 сумдан (0,11) алына баштайт.

Жылытуу мезгилине чейинки айларда 200 куб метрге чейин колдонгон керектөөчүлөр ар бир куб метри үчүн 410 сумдан, андан ашыргандары 1200 сумдан төлөй башташат.

Тэги: газ Электр энергия баа Өзбекстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть