Жакынкы арада Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо сайт аркылуу ачылат. Бул тууралуу Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын өкмөтү ыйгарым укуктуу “Pro Force” оператору талап кылган сандагы арыздар келип түшкөндө каттоо автоматтык түрдө жабылат.
Катталгандар менен маектешүү декабрь айынын ортосунда Бишкекте өтөт.
Ийгиликтүү катталуу үчүн жарактуу чет элдик паспорт жана электрондук почтага кирүү мүмкүнчүлүгү болушу керек.