Улуттук банк үстүбүздөгү жылдын 24-мартынан тартып «Вестерн Юнион» банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы өз ишин Россияда жана Беларусияда токтото тургандыгы жөнүндө «БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» жоопкерчилиги чектелген коомунан билдирүү келип түшкөнүн билдирет.
«БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» ЖЧКнын катына ылайык, Россиядан жана Беларусиядан «Вестерн Юнион» системасы аркылуу 24-мартка чейин жөнөтүлгөн бардык чек ара аркылуу өтүүчү которуулар алуучуларга төлөнүп берилет.
"Ошол эле учурда Кыргызстандан башка өлкөлөргө (Россия менен Беларусиядан тышкары) жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга (Россия менен Беларусиядан тышкары) бардык акча которуулар кадимки тартипте жүргүзүлөт",- деп айтылат маалыматта.
«БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» ЖЧК маалымдагандай, компания мындан ары да Кыргызстандын өнөктөштөрү, б.а. коммерциялык банктар, менен түзүлгөн келишимдер боюнча бардык милдеттенмелерин аткарат.