Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары курулуп жаткан Жалал-Абад-Балыкчы жолундагы Нарын дарыясынын үстүндөгү көпүрөлөрдүн курулушу 90% жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эстакадалык көпүрөнүн курулушу ушул айдын аягында бүтөт. Андан соң асфальт төшөө иштери башталат.
Эстакадалык көпүрөнүн биринин узундугу 1 миң 472 метр, экинчиси 1 миң 76 метрди түзөт. Ага жалпысынан 29,5 миллион доллар бөлүнгөн.
Эске салсак, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Аны Кытайдын "China Road and Bridge" фирмасы ишке ашырууда. Жолдун курулушунун жалпы сметасы 850 миллион долларга бааланган.
Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.