Жалал-Абад шаарында 82 млн сомго жаңы мектеп ачылды

12.04.2024, 17:37 Акчабар
Жалал-Абад шаарында 82 млн сомго жаңы мектеп ачылды

Бүгүн Жалал-Абад шаарында №18 "Манас- 100" атындагы орто мектептин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.

Аталган мектеп 2 кабаттан туруп, 275 орунга ылайыкташкан. Мектептин жаңы имаратынын курулушуна республикалык бюджеттен 82 млн 140 миң сом акча каражаты жумшалды.

Аны менен катар Сузак районунда үч жаңы мектеп ачылды.

Мектептин ачылышына Президент Садыр Жапаров, Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Тэги: Жалал-Абад мектеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть