Жалал-Абадда алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда

04.04.2024, 11:28 Акчабар
Жалал-Абадда алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда

Жалал-Абадда алты жерге жалпысынан 2 миң 744 батир ипотекалык үйлөр курулууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Ал эч ким тааныш-билиш аркылуу эрте кезекке тура албастыгын, ал эми байлардын 3-4 батир алуу мүмкүнчүлүгү жок экенин белгиледи.

“Президенттин буйругу менен ипотекалык батирлер чындап муктаж болгондорго берилет. Өлкө башчынын демилгеси менен ипотекалык үйлөр борбордо гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарында курулат”, - деп кошумчалады ал.

Тэги: Жалал-Абад облусу турак жай ипотека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть