Жалал-Абадда бош жумуш орундарынын жарманкеси өтүүдө

27.04.2022, 15:29 Акчабар
Жалал-Абадда бош жумуш орундарынын жарманкеси өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундарынын жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад мэриясы шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте бош жумуш орундарынын жарманкесин өткөрүүдө.

“Жарманкеде шаардын жумуш издеген жарандарына, бүтүрүүчүлөргө бош жумуш орундары сунушталат. Жарманке Жалал-Абад шаарынын Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтта өтүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте жумуш издегендер, ЖОЖдордун, колледждердин, профессионалдык лицейлердин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтүүдө.

Буга чейин бул жарманкеге бош жумуш орундары жана кесиптер жарманкесине 2000ден ашуун жумуш орундарын сунуштай турган өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттык сактоо ж.б.у.с. тармактардан 50 ири компания катышаары маалымдалган.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаары боюнча 3500 бош орун жана республиканын аймактарынан 1300 бош орундар Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан сунушталат. Ал эми жарманкеде жалпысынан 6 миңден ашуун бош жумуш орундар сунушталат.

Тэги: жумуш орундарын түзүү Жалал-Абад шаары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть