Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 9 млн 482 миң 958 сомго бааланган бала бакча мамлекетке кайтарылды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Советтик Армия көчөсүндө жайгашкан №9 бала бакча жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткен.
Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, соттук кароонун жыйынтыгында толук канааттандырылган.
Прокурордук сунуштаманын негизинде бала бакча жана ага тиешелүү жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды.