Жалал-Абадда күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Объект болжол менен Базар-Коргон районунда курулат. Келечектеги электр станциясынын кубаттуулугу 200 мегаватт болот.
Долбоордун ишке ашырылышын Венгриядан келген инвесторлор изилдеп жатышат. Өз кезегинде жергиликтүү бийлик аларга бардык шарттарды түзүп берүүнү убада кылууда.