Жалал-Абадда «Коопсуз шаар» долбооруна 20 млн сом жумшалат

20.02.2024, 10:17 Акчабар
Жалал-Абадда «Коопсуз шаар» долбооруна 20 млн сом жумшалат

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду 2024-жылы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 20 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” форуму өттү.

Форумда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев 2024-жылга карата “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунан 20 млн сом бөлүнгөнүн, ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан да колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирди

Форумдун негизги максаты - Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзам бузуулардын алдын алуу, жарандарды коргоонун деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, мыйзам бузууларга жол берген себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу.

Тэги: Жалал-Абад коопсуз шаар унаа коопсуздугу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть