Жалал-Абад шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык объектилерди сатуу боюнча аукцион уюштурат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Аукцион 2021-жылдын 20-сентябрында онлайн форматта өтөт.
Анда Жалал-Абад шаарынын Ж. Бакиев көчөсүнүн №7 жана №9 дарегинде жайгашкан муниципалдык балдар бейтапканасынын эски эки имараты сатылат. Бейтапканалардын башкапкы баасы 182 миң 400 сомго бааланууда.
Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын Т. Тайгараев аймактык башкармалыгынын Качкынчы көчөсү №2 дарегинде жайгашкан мектептин имараты сатылат. Анын баштапкы баасы 93 миң 286 сом.
Ошондой эле, Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсү №57 дарегинде жайгашкан №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эски имараттары сатылат. Алардын баштапкы баасы 155 мин 950 сом болууда.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.