Опубликовано
23.08.2021, 09:00Жалал-Абад облусу боюнча бир жашка чыкпай чарчап калган нарсителердин саны былтыркы жылга салыштырмалуу 20 учурга көбөйгөн. Быйыл алты ай аралыгында эле 192 наристе бир жашка чыкпай чарчап калган. Бул тууралуу “Акчабарга” Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгынан билдиришти.
Алардын ичинен энесинин курсагында (перинаталдык мезилде) пайда болгон оорулардан 111 наристе көз жумган.
Жалал-Абад облусу боюнча быйылкы жылдын алты айында 13 миң 719 ымыркай төрөлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алардын саны 45ке азайган.