Жапаров азербайжандык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

21.04.2022, 09:21 Акчабар
Жапаров азербайжандык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Баку шаарында азербайжандык ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, экономиканын келечектүү тармактарына токтолуп, негизинен потенциалдуу инвесторлорду ата мекендик экономиканын түрдүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаров да сөз сүйлөп, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүнөн кийин соода-экономикалык жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйтүүгө жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Биз боордош өлкөлөргө инвестиция тартууну колдойбуз, Кыргызстанга инвестиция тартуу биздин ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыты болоруна ишениңиздер”, - деди Жаббаров.

Жолугушуу “суроо-жооп” форматында уланып, президент Садыр Жапаров жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилери азербайжандык ишкерлердин суроолоруна кеңири жооп беришти.

Ошондой эле, Мамлекет башчысынын катышуусунда президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Азербайжандын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (AZPROMO) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Белгилей кетсек, жолугушууга мунай өндүрүү, курулуш, туризм, энергетика, телекоммуникация, жогорку технологиялар, айыл чарба, тоо кендерин иштетүү, камсыздандыруу тармагындагы SOFAZ, SOCAR, AZERGOLD, AZVIRT, LU-MUN HOLDIN, NEQSOL HOLDING, AZERSUN HOLDING, PASHA HOLDING сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери катышты.

Тэги: Баку шаары азербайжандык ишкерлер инвестиция салуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть