Жапаров: Биз 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди ишке берүүбүз керек

10.02.2022, 12:24 Акчабар
Жапаров: Биз 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди ишке берүүбүз керек

«Биз 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке берүүбүз керек», - бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аны чечүү жолдору» улуттук форумунун жүрүшүндө билдиргенин министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, учурда республика энергетиканы туруктуу өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда, буга катар энергетикалык жабдуулардын техникалык жактан эскириши, суунун аздыгынан жана чектелген энергетикалык кубаттуулуктардан улам электр энергиясын импорттоо маселеси орун алган.

Жапаров кошумчалагнадай, Камбар-Ата жана Жогорку-Нарын ГЭС каскады стратегиялык объектилериндеги курулуштун активдүү фазасы ишке берилиши менен катар энергиянын жаңыланып туруучу туруктуу булактарына артыкчылык берилиши керек.

Жапаров өз сөзүндө ошондой эле туруктуу энергетиканы өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Атап айтканда, жаңы Салык кодексине жашыл экономиканы жана жашыл технологияларды колдоо боюнча ченемдер киргизилген. Шамал жана күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер үчүн технологияларды жана жабдууларды жеткирүүдө КНСтен бошотулат. Жер мыйзамдарына ГЭСтерди курууда айыл чарба жана токой чарбачылыгындагы жоготуулардын ордун толтуруудан бошотуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Энергия натыйжалуулугунун талаптарына жооп берген имараттар жана курулмалар 50% өлчөмүндө мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.

Учурда Энергетика министрлиги тарабынан республиканын аймагында 48 энергиянын кайра жаралуучу объекттерин курууга сертификаттар берилди. Алардын жалпы кубаттуулугу 300 мегаваттка жакын электр энергиясын түзөт.

Бир нече кичи ГЭСтердин курулушу башталды:

- «Бала-Саруу» - Талас облусунда, 25 мегаватт;

- «Орто Токой» – Нарын облусунда, 21 мегаватт;

- «Кара-Көл» - Жалал-Абад облусунда, 18 мегаватт.

Энергетика министрлиги тарабынан жаңы редакциядагы «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлду, ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүдөгү тоскоолдуктарды четтетүүгө мүмкүндүк берет.

Тактап айтканда, кубаттуулук квоталарына, электр энергиясын сатуу боюнча ишмердикти лицензиялоого, сынак өткөрүүгө талаптарды алып салуу сунушталып, кайра жаралуучу энергиянын субъекттери киреше салыгынан бошотулуп, өзүн актоо мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу сунушталууда.

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук реформаны жүргүзүү максатында, министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Азиз Аалиевдин жетекчилиги астында мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Тэги: кичи ГЭС Акылбек Жамангулов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть