Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде социалдык инфраструктураны өркүндөтүү, аймактарды көрктөндүрүү, айыл чарба өндүрүшчүлөрүн үрөн жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.
Анын айтымында, фермерлерге болгону сапаттуу үрөн сатып алууга мүмкүндүк берүү, бардык ирригациялык тармактарды жана сугат каналдарды даярдоо керек. Бул мамлекеттин жарандарды колдоо боюнча милдети.
“Ар бир кайрылууну жеке көзөмөлүңүздөргө алып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр өз учурунда жана сапаттуу көрсөтүлүшүнө басым коюңуздар”, - деди Жапаров.
Ошондой эле ал иш күндөрү бодо малды жана майда мал-жандыктарды сатууну токтотуу боюнча Айыл чарба министрлигинин демилгесин сынга алды.
«Эмне үчүн элди оокат кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатасыңар. Базарларда шарт түзүүнүн ордуна, сооданы таптакыр жокко чыгаруу туура эмес. Бардык мал базарлардын аймагына асфальт төшөңүздөр. Жаздын келиши менен ал жердеги ылайдан жүрүү мүмкүн эмес болуп калат. Бирок элдин айласы жок, ушундай антисанитардык шарттарда иштөөгө туура келүүдө. Ошондуктан аймактардагы бардык мал базарларды иретке келтирүү зарыл», - деди Жапаров.