akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.05.2024, 09:20

    Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет өлкөгө жумушка чакырган алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгын билдирди.

    Маалыматка ылайык, шылуундар материалдык пайда көрүү, алдоо жолу менен Улуу Британияда жана Европа өлкөлөрүндө жарандарды жумушка орноштурууга укуксуз негизде убадаларын беришет.

    “Instagram” жана “Facebook” социалдык платформаларында таргет-жарнама аркылуу таратылган жарнак материалдарына жана чет элдик агенттиктерге ишенбөөгө чакырабыз”, - деп билдирди мекеме.

    Борбор жарандарды www.migrant.kg расмий сайтынан чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттигинин мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырат.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 21:50:11
    • 20.08.2024, 22:46:10
    • 20.08.2024, 03:20:02
    • 19.08.2024, 23:35:09