Жарандардын даттануулары боюнча салык кызматынын 10 жумушчусу жазаланды

07.08.2020, 13:42 Акчабар
Жарандардын даттануулары боюнча салык кызматынын 10 жумушчусу жазаланды

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 7 айында жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча ведомствонун 10 кызматкерин жазалады, ошондой эле салык мыйзамын бузгандыгы үчүн 4 ишкерди административдик жазага тартты. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш блм билдирди.

Жалпысынан жыл башынан бери Салык кызматына жарандар жана салык төлөөчүлөрдөн 87 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Анын ичинен жазуу жүзүндө – 41 билдирүү, электрондук почта аркылуу – 29, “ишеним телефонуна” жана “шыр байланыш номерине” – 17.

"Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 33 арыз салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 16 – ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, калганы салык мыйзамдарынын ар түрдүү маселелери боюнча болгон", - деп жазылат маалыматта.


Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 16 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 7 – тастыкталды, 6 – жарым-жартылай тастыкталды, 2 – кароо стадиясында турат жана 2өө маалымат үчүн.

"Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында 2 кызматкер ротацияланды, 1 катуу сөгүш, 5 – сөгүш, 2 – эскертүү жарыяланды. Мындан тышкары, бир даттануу боюнча материалдар ИИМне өткөрүлүп берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 16 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 4 билдирүү боюнча фактылар тастыкталды. Мыйзам бузгандарга карата административдик жаза-чаралары колдонулду", - деп белгиленет.

Мындан тышкары, 7 айда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 40 жаран болду, алардын ичинен 14 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 18 адам, кадрдык маселелер боюнча – 8 жаран болду.

Тэги: салык кызматы даттануулар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть