«Жашыл алкак» долбоорун ишке ашырууга 7 млн сом бөлүү пландалууда

28.11.2023, 15:57 Акчабар
«Жашыл алкак» долбоорун ишке ашырууга 7 млн сом бөлүү пландалууда

Бишкекте “Жашыл алкак” долбоорун ишке ашырууга 7 млн сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын четиндеги эгин талаалардан келген чаң Бишкектеги ыш көйгөйүн күчөтүүдө. Муну атайын жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы далилдеди.

“Мисалы, Сокулуктан, өйдө жактан келаткан чаң. Мурда Союз кезинде талааларды тегерете бак тигишчү. Азыр андай жок. Түштүк магистралы, Алыкулов көчөсү сыяктуу чек арадагы негизги көчөлөргө “Жашыл алкак” түзөлү деп жатабыз”.

Вице-мэрдин айтымында, 7 миллион сомго жашылдандыруудан тышкары тамчылатып сугаруу системасы түзүлөт, 20 скважина курулат, тийиштүү техника сатылып алынат.

Тэги: жашыл дарак экология санитардык-экологиялык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть