Бүгүн УКМК төрагасы, КФБнын президенти Камчыбек Ташиев Орок айылындагы жаңы стадиондун курулушу менен таанышты.
Анын айтымында, стадион 45 миң адамга ылайыкталган жана FIFA`нын бардык талаптарына ылайык курулууда.
“Жооптуу адистер Түркия жана Англиядан чакырылган, алар иштердин жүрушүн көзөмөлгө алышууда. Куруучулардын 90%ы жергиликтүү жашоочулар. Болжол менен 2026-жылы Эгемендик күнүнө объект өзүнүн биринчи көрүүчүлөрүнө эшигин ачат”, - деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштерине 60 млн доллар жумшалат.