Жаңы төрөлгөн балага акча берүү боюнча мыйзам долбоору талкууда

18.01.2024, 11:00 Акчабар
Жаңы төрөлгөн балага акча берүү боюнча мыйзам долбоору талкууда

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети төрөттүн санын жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бирок Министрлер кабинети ал 2028-жылы гана күчүнө кирерин билдирди.

Тиешелүү мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Камила Талиева менен Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору менен алар үй-бүлөдөгү ар бир үчүнчү балага үч жашка чыкканга чейин “Алтын бала” төлөмүн берүүнү демилгелеп жатышат. Бирок бул тоолуу, барууга кыйын аймактарда жана өзгөчө статусу бар чек ара айылдарында жашаган балдар үчүн гана болмокчу.

Алгач авторлор өлкө боюнча ар бир үчүнчү балага жана тоолуу, барууга кыйын аймактарда жана өзгөчө статусу бар чек ара айылдарында жашаган ар бир балага жөлөк пул төлөөнү сунушташкан. Бирок, Камила Талиеванын айтымында, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жалпысынан мыйзам долбоорун колдоп, антсе да азыраак каражатты талап кылгандай кайра карап чыгууну суранган.

Алсак, сунушталган аймактарда үч жашка чейинки 102 миң 623 бала жашайт. Мыйзамды ишке ашыруу үчүн айына 420 млн 754,3 миң сом керек. Өлкө боюнча балдарга жөлөк пул төлөө үчүн 15 млрд сомдон ашык каражат керектелет.

Төлөмдөрдүн суммасы да кайра каралышы керек болчу. Эгерде алгач бир балага 5 миң 862 сом (баланын минималдуу керектөө корзинасы) төлөө пландаштырылган болсо, эми ай сайын 4 миң 100 сомдон төлөө сунушталууда - бул баланын жашоо минимумунун 70%ын түзөт.

Белгилеп кетсек, төлөмдөр ата-эненин материалдык абалына карабастан төлөнөт.

Айрым депутаттар төлөмдөр айрым аймактарга гана киргизилерине каршы чыгышты. Алар Министрлер кабинетинин каршылыгына карабастан, төлөмдөрдү өлкө боюнча киргизүүнү сунушташты. Бирок авторлор Министрлер кабинетинин пикирин жана республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алууну талап кылууда.

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутат Нурлан Ражабалиев сунушталып жаткан мыйзам долбоору ички миграция көйгөйүн жарым-жартылай чече турганын белгиледи.

“Жакында Баткен облусунун тургуну төрт жашар баласын дарыланууга алып баратканын айтты. Көрсө, чек арадагы окуялар учурунда үй-бүлө үйдөн жаңы эле чыгып, дарбазага жеткенде үйгө снаряд тийген. Азыр бала үйгө киргенден коркуп жатат. Ал эртеден кечке сыртта ойнойт, үйгө кетээр маалы келгенде ыйлайт. Үй-бүлө көчүп кетүүнү ойлоп жатат. Ал жакта мындай үй-бүлөлөр көп. Мындай мыйзамдар менен биз жок дегенде бул аймактарда жашоого шарт түзөбүз”, - деген депутат кесиптештерин аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн добуш берүүгө чакырды.

Камила Талиева бул мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылдыгын Кыргызстанда акыркы 4 жылда төрөлүү азайып баратканы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, 2019-жылы 173 миң 484 бала төрөлгөн. 2020-жылы төрөлүү 15 миңден ашык, 2021-жылы 8 миңге кыскарган. 2022-жылы “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулун алгандардын саны 12%га кыскарган.

Депутат Кыргызстанда бир күндө орто эсеп менен 505 бала төрөлүп, 120 адам каза болуп, 75 адам миграцияга кетип жатканын кошумчалады.

Тэги: жаңы төрөлгөн ымыркай төлөм жөлөкпул Мыйзам долбоору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть