«Жаңы жашоо» индустриалдык паркынын долбоору талкууланды

15.12.2023, 14:33 Акчабар
«Жаңы жашоо» индустриалдык паркынын долбоору талкууланды

Кыргызстандык жана кытайлык компаниялар меморандумга кол коюшту
Экономика жана соода министрлигинде “Кейджи Бизнес Инвестмент” ишканасы жана “China Railway Eryuan Engineering Group Co., Ltd” (Кытай) компанияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Маалыматка ылайык, меморандум Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнөр жай, соода жана туризм тармагындагы комплекстүү транспорттук инфраструктуралык долбоорлор чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга багытталган.

Тараптар күн панелдерин чыгаруучу фабрикаларды, текстиль фабрикаларын, тамак-аш комбинаттарын, электр унааларын чыгаруучу ишканаларды, өнөр жай өндүрүш зонасын курууну караган "Жаңы Жашоо" индустриалдык паркынын долбоорун ишке ашырууну караштырууда. Алардын катарында санитардык жабдууларды чыгаруу жана түстүү металлдарды кайра иштетүү да бар.

Ошол эле учурда ар кандай багыттагы логистикалык борборлорду жана кампаларды уюштуруу пландаштырылууда.

Тэги: кытай тарап жаңы жашоо индустриалдык парк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть