Жаңы жылга кандай балаты тандоо керек?

25.12.2023, 17:42 Акчабар
Жаңы жылга кандай балаты тандоо керек?

Өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатасы “Ала-Тоо” аянтында жасалгаланып, ал бишкектиктерди гана эмес, коңшу мамлекеттердин башкы балатыларынын арасында да өзгөчөлөнүүдө. “Акчабардын” кабарчылары жаңы жылга кандай балаты сатып алууга болорун жана алардын бааларына саресеп салды.

Бишкекте жыл сайын салттуу түрдө жаңы жылдык балаты базары иштеп, анда шаар тургундарына ийне жалбырактуу дарактардын түрлөрү сатылат. Сатуучулардын айтымында, табигый балатыларды сатып алгандан кийин алгач үйдө колдонуп, андан соң үйдүн короосуна, жерге отургузууга болот. Муну менен балаты узак убакыт жашап, айлана-чөйрөгө пайдасын тийгизет.

Баса, жаңы жылдык балатылардын көбү Ысык-Көлдөн алынып келингени менен, жергиликтүү (Бишкек) балатылар да бар. Алардын баасы 2 миң сомдон башталып, чоңдугуна жараша өзгөрөт.

Базардагы сатуучулардын бири Марлес Батаев жаңы жылдык балатылар негизинен Ысык-Көлдөн алынып келингени менен, Бишкекте өстүрүлгөн балатылар да бар экенин айтты. Базарда пихталардан тышкары Тянь-Шань жана көк карагай, карагай, туя, арча, кипарис бактары сунушталат.

Айтмакчы, ийне жалбырактуу балаты базары шаар тургундарын 15 жыл катары менен кубандырып келет. Ал эми базардын жетекчиси Мирбек Сатыбалдиевдин айтымында, базардагы сатуучулар балдар үйлөрүнүн жана башка социалдык мекемелердин аймактарын жашылдандырууга көмөктөшүп клет. Ошондой эле, борбор шаарды да жашылдандырууга салымын кошууда.

Ошондой эле, ал Кыргызстандын Тянь-Шань карагайлары коңшу мамлекеттердин арасында да суроо-талапка ээ экенин, алар Казакстан менен Өзбекстандын резиденцияларына жашылдандыруу үчүн алынып жатканын айтып, муну балатылардын кооздугу, көрктүүлүгү жана канык жашыл түсү менен байланыштырды.

Жасалма балатылардын да жакшы жактары бар. Бул тууралуу билүү үчүн борбор калаадагы “Дордой” базарына барып, сунушталган балатылардын, ошондой эле аларга жасалгалардын баасын салыштырууну чечтик.

Базардагы сатуучулар сапаттуу жасалма балатыны сатып алуу менен көп жылдар бою жаңы жылдык балатыны сатып алуу зарылдыгы болбой турганын билдиришти. Табигый дарактар ​​көбүнчө ассиметриялуу, бирок заманбап жасалма бак-дарактар ​​түсү боюнча да, бутактарынын түзүлүшү боюнча да табигый дарактарга мүмкүн болушунча жакын, өз формасын жакшы кармап, оюнчуктардын же гирляндалардын салмагынан сынбайт.
Жасалма балатылардын эң кичинекейи 200 сомдон башталып, эки метрлик балаты 17 миң сомго чейин жетет.

Базардагы сатуучулардын бири Эрке Касыева жаңы жылдык балатыларды биринчи жолу сатыкка коюп жатканын айтты. Мурда ал кардарларга ар кандай майрамдык жасалгаларды - гүлчамбарлар, шарлар жана мөмөлөр менен кооздолгон балатыларды сатчу. Азыр анын контейнеринде жаңы жылдык балатылардын түрү көп, ал тургай адаттан тыш кызгылт бутактары менен болгон балатылар да бар. Касыева мындай түстөгү балатыларды жактырганын, балким бишкектиктерге да жагат деп чечкенин айтат.

“Ар кандай жаңы жылдык балатыларга суроо-талап бар - кымбат гелийдүү да, арзанын да сурашат. Биз жаңы жылдык балатыларды дүңүнөн да, чекенеден да сатабыз, базардагы балаар эң төмөн. Анан, албетте, биз кардарга карайбыз, кээде арзандатып беребиз. Соодалашуу болсо, ошого жараша сатылат.” - дейт ал.

Анын контейнеринде бактардын көбү бир жарым метр бийиктикте, алардын баасы орто эсеп менен 5,5 миң сом жана андан жогору. Эң кызыгы 3 метр бийиктиги, гирляндалары бар мындай балаты 22 миң сом турат.

Тэги: Жаңы Жылдык балаты балаты Жаңы Жыл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть