Жеке нотариустардын 30 пайызы жоопкерчиликке тартылды

05.03.2024, 17:00 Акчабар
Жеке нотариустардын 30 пайызы жоопкерчиликке тартылды

Кыргызстанда 90 мамлекеттик жана 390 жеке нотариус бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Белгиленгендей, өлкөдөгү 86 жеке нотариус же 30%га жакыны кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамсыз иштерге барганы үчүн жоопкерчиликке тартылган.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, министрдин орун басары жыл сайын жеке нотариустар мамлекеттик бюджетке 185 млн 987 миң сом түшүрүп жатканын айтты.

“Мамлекеттик жана жеке нотариустар үчүн төлөмдүн көлөмүн бирдейлештирүү мүмкүн эмес, бирок биз максималдуу жол берилген тарифти бекитүүнү пландап жатабыз”, - деп кошумчалады Сыдыков.

Тэги: жеке нотариус жоопкерчилик кызмат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть