Опубликовано
07.12.2023, 06:05Жыл башынан бери кыргызстандыктар 192,5 миллиард сомго насыя алды. Бул былтыркы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу, кыйла көп, — деп билдирет Улуттук банк.
Сом менен алынган кредиттердин 57 пайызын жеке жактар түзсө, 43 пайызын юридикалык тараптар алышкан.
Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, соңку жылдарда катталып жаткан керектөөчү кредиттердин өсүшү – банк тармагын санариптештирүүгө жана онлайн-насыялоо популярдуу болуп жатканына байланыштуу.