Опубликовано
23.05.2024, 05:45Жогорку Кеңеш көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Мыйзамга ылайык, көзү ачык, бүбү-бакшыларды телерадио, интернет сайт, социалдык тармактар ж.б. аркылуу жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда.
"Тыюу кыргызстандыктардын аң-сезимин манипуляциялоонун алдын алуу үчүн керек", - дейт демилгечи 25 депутат.
Талкууда депутат Исхак Масалиев жеңил акча табуу мүмкүнчүлүгү тууралуу жарнамалар көбөйүп жатканы тууралуу маселени көтөрдү.