Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

19.06.2024, 03:21

Президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына борбор калаадагы эски жарнамалык такталарды алып салуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Өлкө башчы шаардын ичин ирээтке келтирип, жарнамалык такталарды 31-августка чейин тазалоо керектигин, ал мындай жарнактар эски замандан калгандыгын кошумчалаган.

“Шаардын ичиндеги эски жарнамалык такталарды 31- августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге лед экрандарга алмаштыргыла”, - деп жазылат президенттин билдирүүсүндө.


Читать похожее