Жол оңдоо иштеринде дээрлик 1 млрд сом уурдалган

25.03.2024, 14:40 Акчабар
Жол оңдоо иштеринде дээрлик 1 млрд сом уурдалган

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Бишкектин ири 50 борбордук жолун асфальттоого багытталган дээрлик 1 млрд сом уурдалганын Твиттер баракчасына жазды.

Ошондой эле, ал эки жылдан бери Министрлер кабинетинен реакция ала албай жатканын жана Биринчи Май районундагы 12 гана көчө кагаз жүзүндө оңдолуп, жүз миллиондогон сомдор эсептен чыгарылганын жазган.

“Борбордо жалпысынан 50 чоң көчө бар, бюджеттен 1 млрд сом уурдалган. Кылмыш ишин аталган мекеме (УКМК) козгоп, бюджетке 25 млн сом төлөнгөндөн кийин жабылган”, - деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.

Ал кошумчалагандай, бул маселени парламенттин жыйындарында бир эмес бир нече жолу көтөрүп чыккан, бирок эч кандай реакция болгон эмес.

Тэги: Эльвира Сурабалдиева жол оңдоо бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть