Кыргызстанда ЖРТга каттоо башталды

17.10.2023, 12:20 Акчабар
Кыргызстанда ЖРТга каттоо башталды

Бүгүн, 17-октябрдан тарта, Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталат. Ал 27-октябрга чейин уланарын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Каттоо онлайн режимде өтөт.

Ал эми жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн өткөрүлгөн кышкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзү 2023-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин деп белгиленген.

ЖРТга каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурдагы 2023-2024-окуу жылында жогорку окуу жайларда окубаган адамдарга уруксат берилет.

Тэги: ЖРТ билим берүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть