Жыл башынан бери 15,4 млн сом кечиктирилген эмгек акы төлөндү

12.04.2024, 09:29 Акчабар
Жыл башынан бери 15,4 млн сом кечиктирилген эмгек акы төлөндү

Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы 2024-жылдын башынан бери кызматкерлердин арыздарынын негизинде 266дан ашык текшерүү жүргүзгөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.

Быйылкы жылдын биринчи кварталында 316 эмгек мыйзамдарын, анын ичинде эмгекти коргоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталган. Эмгек инспекторлорунун кийлигишүүсүнүн аркасында 2024-жылдын биринчи кварталында жумуш берүүчүлөр кызматкерлерге 15 млн 443 миң 421 сом кечиктирилген эмгек акы төлөшкөн.

Белгилеп кетсек, ар бир жумушчу эмгек мыйзамдарынын сакталышы жана эмгек укуктарын калыбына келтирүү маселелери боюнча Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына кайрыла алат.

Тэги: эмгек акы мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть